Мэр Кубанычбек Кулматов Көк-Жар конушундагы бала бакчанын курулуш иштерине нааразы

Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда курулуп жаткан бала бакча сентябрда ишке берилбей калышы мүмкүн, анткени курулуш иштеринин көпчүлүк бөлүгү аткарыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Бишкек мэриясынын жыйынында белгилүү болду. Буга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов нааразы болду. "Курулуш иштери өтө жай жүрүп жатат. Жумушту тездетүү керек",- деди мэр.
Жыйында айтылгандай, 2011-жылы курулуп баштаган бул бала бакчанын учурда пайдубалы гана тургузулган. Курулуш компаниясынын өкүлү курулуш материалдарды сатып алуу эски баалар менен эсептелип калганын айтып, каражаттар жетишсиз болуп жатканына токтолду. Ага карабай бала бакчаны ушул жылдын сентябрь айына карата ишке берүү пландалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Odik11

09.07.2015. 11:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакандай болгон Мэр!!! нараазымын деп отурса бутмок беле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.