super.kg logo

Шекер айыл өкмөтүнө жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

 
Кара-Буура райондук прокуратурасы Шекер айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине "жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу", "ишенип берилген мүлктү негизсиз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 8-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Шекер айыл өкмөтүндө иштегендер 6,5 гектар аянттагы көп жылдык өсүмдүктөр отургузулган жер тилкесин аз пайдаланылчу жер катары К.Т. аттуу жаранга кайтарымсыз беришкени аныкталган.
Мындан сырткары жооптуу кызматкерлер кызмат абалынан пайдаланып 2014-жылы жарандар ижара акысы катары төлөгөн 65 700 сом өлчөмүндөгү каражатты өз эсебине өткөрүп алышкан. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шекерликтер учат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: