Бишкектин көчөлөрүндөгү оңдоп-түзөө иштеринин жай, жарым-жартылай жүрүп жатканына мэр дагы нааразы




“Бишкекте жолдорду оңдоо-түзөө иштери жарым-жартылай жүрүүдө”. Мындай пикирин бүгүн, 8-июлда мэриянын кезектеги жыйынында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов билдирди.
“Мен шаарды кыдырганда бир катар жолдордун оңдолуп жатканын көрүүдөмүн, бирок ошол эле учурда алардын ирригациялык системдери жана жөө адамдар жүрчү жолдору каралбай турат. Муну кантип түшүнсө болот? Эмнеге жумуштар жарым-жартылай жүргүзүлүп жатат?”- деп суроо салды мэр.
Кээ бир көчөлөрдө ирригациялык систем жана жөө жүрүүчүлөр жолу долбоорго кирбегендиги билдирилди.
Айта кетсек, быйыл Капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине 51 көчө оңдолот деп кирген. Алардын 20сы борбордук көчөлөр, 31и 1-Май районунда жайгашкан жолдор. Учурда 35 шаардык көчөдө жол тешиктерин бүтөө иштери аяктаган. Дагы 17 көчөнүн оңдоо иштерин “Бишкекасфальтсервис” ишканасы өткөрөт.




1 |