super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов парламенттик шайлоону 1-ноябрда өткөрүүнү сунуштап президентке кат жиберди

 
Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов парламенттик шайлоону 1-ноябрга дайындоону өтүнүп президент Алмазбек Атамбаевге кат жиберди.

Кулов кайрылуусунда 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун биринчи туру 20-февралда, экинчиси 12-мартта өткөнүн, Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттарды 14-апрелде каттаганын белгилейт. "2005-жылы 27-февраль - 13-мартта 5 жылдын бүтүшү менен парламент депутаттарын шайлоо болгон. БШК депутаттарды 22-мартта каттаган. Бирок 24-мартта революция болуп кеткендиктен, жаңы курам өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүгө жетишпей калган, ал эми эскиси өзүнүн мөөнөтүн толук бүтпөй калган абал жаралган. Азыркы Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин шайлоо ноябрдын биринчи жекшембисинде өтүшү керектиги тууралуу чечимин эске алып, ошондой эле Жогорку Соттун 2005-жылдын 24-мартындагы токтомун жетекчиликке алуу менен шайлоону ноябрдын алгачкы жекшембисинде эмес, 1-ноябрга дайындоону суранам",- деп айтылат Куловдун катында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: