super.kg logo

Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералы кырсыкка учураган АН-72 учагын оңдотуу үчүн пара алган

 

Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги аталган өлкөдө кырсыкка учураган учакты оңдомокчу болгон "Укрспецэкспорта" ишканасынын кызматкерлеринен пара алган. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурору Асхат Даулбаев билдиргенин казакстандык маалымат булактары жарыялашты. "Бизде бул мекеменин башка жооптуу кызматкерлеринин да аталган учакты оңдоо иштери боюнча пара алгандыгы тууралуу фактылар бар",- деп билдирди Даулбаев. Буга чейин аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысы Алмаз Асенов 200 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалган.

Эске салсак, 2012-жылдын 25-декабрында Чымкент аэропортунан 20 чакырым алыстыкта АН-72  учагы кулап, анда 27 аскер кызматкерлери каза болгон.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: