super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Осмоналиев: “Бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөгөн парламенттик плюрализм калыптанды”

 

“Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы парламенттик башкаруу системин жолго салууда алгачкы карлыгачтардан болду. Иштеги алгачкы сыноолорду өздөштүрүп кетүүгө туура келди. Беш фракция ар түрдүү ойлор менен бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөгөн парламенттик плюрализм калыптанды",- дейт депутат Каныбек Осмоналиев. Муну аталган депутатка шилтеме берүү менен 8-июлда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин ишмердүүлүгү тууралуу айткан депутат бул тармактарга тиешелүү болгон көптөгөн мыйзам долбоорлору сунушталып, кабыл алынганын билдирди. “Бирок айрымдары каржы маселесине байланыштуу аткарылбай калса, айрымдары себепсиз эле ишке ашырылбай калды. Мисалы, билим берүү тармагында көз карандысыз аккредитация болсун деп, ага тиешелүү болгон мыйзамды 2012-жылы кабыл алып бергенбиз. Тилекке каршы, аны Билим берүү министрлиги 2016-жылга жылдырып берүүнү суранганда, ал колдоо таап кетти. Натыйжада жогорку окуу жайлары менен орто окуу жайлары өздөрүнүн аттестациясын өткөрө алышпай, кезек күтүп калышты”,- дейт Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: