Быйылкы жылдын биринчи жарымында ички дүң продукциянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 7,3 пайызга жогорулаган



Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 172 миллиард сомду түздү. Муну бүгүн, 9-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Жанбулат Байжуманов билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 7,3 пайызга жогорулады.
“Муну менен катар ички дүң продукциянын түзүмүндөгү эң чоң үлүш жалпы көлөмдүн 51 пайызынан ашыгын тейлөө тармагы түзгөн. Өнөр жайдын үлүшү 19 пайыздан ашты, айыл чарбаныкы 10 пайызга жакындады. Курулуш 6 пайыздан ашты. Муну менен катар өнөр жай продукциясынын көлөмү 89 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда көрсөткүч 23,6 пайызга жогорулаган. “Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын кошпогондогу продукциялардын көлөмү бул мезгил ичинде 4,7 пайызга жогорулады”,-деди орун басар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.