Орусия кыргыз өлкөсүнөн барган 30 тонна дарбызды артка кайтарды

Кыргыз Республикасынан барган 30 тонна дарбыз Орусиянын Омск облусунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары 8-июлда өлкөнүн Аймактык айыл чарбаны көзөмөлдөө кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Анда айтылгандай, текшерүү учурунда товардын экспорттоо боюнча фитосанитардык кагаздары жок болуп чыккан. Жүк алып өтүүгө аракет кылган жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, товарды Орусияга алып өтүүгө тыюу салынып, Казакстанга жиберилди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-1

анан келип бир кагаз учун киргизбей...
мен да ошону айтып жатам.
бизде арбуз эмес этти ачык жуктоп журот,
анан ошогода макул болуп этин ала беребиз дегеним.