super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын Федерация кеңеши кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү тууралуу келишимди ратификациялады

 

Орусиянын Федерация кеңеши кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү тууралуу келишимди ратификациялады. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жарыялашты. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу биримдиктин потенциалын бекемдей турганын журналисттерге билдирди. "Бүгүнкү күндө 5 өлкө өзүнүн ресурстарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана экономикасын бириктирди жана бирдиктүү экономикалык, укуктук аймак, бирдиктүү рынок түзүүдө",- деп билдирди Матвиенко. 

Документ эми президент Владимир Путиндин кол коюусуна жиберилет. ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин парламенттери келишимди жана бир катар протоколдорду ратификациялап, аларга Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армениянын президенттери кол койгондон кийин Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. 

Айта кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедураларды 22-майда аяктаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: