Ушул жылдын 5 ай аралыгында эмгек мигранттарынын кыргыз жергесине которгон акчалары 35 пайызга азайды

Эмгек мигранттарынын кыргыз жергесине которгон акчалары 35 пайызга азайды. Муну бүгүн, 9-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Жанбулат Байжуманов билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын алгачкы 5 айынын жыйынтыгы менен чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер биздин өлкөгө 600 миң доллар которушкан.
“Бул сумма былтыр 900 миң долларды түзгөн. Белгилүү болгондой, Орусияда иштеген эмгек мигранттары басымдуулук кылат. Муну менен которуулардын көлөмү Орусияда мигранттардын эмгек рыногунун абалынан кабар берет”,- деди Байжуманов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Момо алыш ошол бакты карап сугарып караш керек-да
-менин Москвадагы окулчулукктун иш алып баргандарынаа капа болдум.эс нерсени Мигранттар учун чечбейт,жада калса маалымат бере алышбайт жана эч кимдин бергиси жок.мен ошол жерде олтурган Компютеринин баскычтарын "Чыкылдатып" иштеп жаткан тур корсотуп бирок эч нерсе чечип бере албаган карапайым эл учун айтаарым Мигранттар бар учун ушул жерде силерге жумуш орду ачылып иштеп жатасынар