Улуттук статистикалык комитет: “Өлкөдө 71 миң адам өтө жакыр жашайт”



Өлкө калкынын 1,2 пайызы же 71 миң адам өтө жакыр жашайт. Мындай маалыматты бүгүн, 9-июлда маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Нурбаева билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы жакырчылыктын көрсөткүчү 2013-жылга салыштырмалуу 6,4 пайызга азайган.
“Бүгүнкү күндө өлкө калкынын 30,6 пайызы, башкача айтканда, 1 миллион 801 миң адам жакырчылыкта жашайт. Бул көрсөткүчтүн 68,2 пайызын айыл тургундары түзөт. Облустар боюнча караганда жакыр жашаган жарандардын эң көп саны Жалал-Абад облусуна туура келет. Бир айлык маяна 2014-жылы 3957 сом болсо, 2013-жылы 3336 сомду түзгөн”,- деди адис.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.