Былтыр тышкы соода жүгүртүү 7618 миллион долларды түздү
Былтыр тышкы соода жүгүртүү 7618 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда маалымат жыйында КРнын Улуттук статистика комитетинин тышкы экономикалык ишмердик статистикасынын башкы адиси Гүлайым Шаяхметова билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырганда 4,7 пайызга төмөндөгөн.
“2014-жылы республиканын тышкы соодасында мурунку жылдагыдай эле товарлардын импорту алардын экспортун 3 эсеге ашып түшкөн. Натыйжада соода теңдеменин дефицити 2013-жылдын деңгээлине карата 3,2 пайыз төмөндөп, 3851 миллион АКШ долларын түздү.
Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн үлүшүнө республиканын тышкы соода жүгүртүүсүндө 40 пайызга жакыны туура келди”,- дейт Шаяхметова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















