super.kg logo

Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун жооптуу кызматкерлерине Чүй облусунун Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Алар "алдамчылык", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"  беренелери боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мекеменин жетекчилери мамлекеттик жана чет элдик кредиттерди өндүрүү укугуна ээ болуп туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан жана Т.М. аттуу жаранды 2009-жылы жалган документ түзүү менен 810 миң сом кредитти төлөөдөн бошотушуп, анын карызын А.В. деген адамга которушкан. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: