super.kg logo

Исфайрам дарыясына түшүп кеткен Нива унаасынан каза болгондор табылды

 

Кадамжайда 6-июль күнү Нива үлгүсүндөгү унаа Исфайрам дарыясына түшүп кетип, 2 адам жаракат алып, 4 адам каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондор табылганын 9-июлда билдирди. Куткаруучулар ошол күнү эле кырсыктан жаракат алган 1983-жылы туулган Кубат Калмуратов жана апасы 1956-жылы туулган Марзия Калмуратованы дарыядан чыгарышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Ал эми 1975-жылы туулган Чолпонай Ботобаеванын жансыз денесин автоунаа кулаган жерден 1 чакырым төмөн жактан табышкан. Маркум Тамара Ботобаеваны дарыя ичиндеги талга илинип калган жерден таап, суудан чыгарышкан соң Кызыл-Кыя шаардык өлүкканасына жиберишкен. 

7-июль күнү 9 куткаруучу издөө иштерин улантышып, 1 адамды табышкан. 8-июль күнү 20:00 чамасында 1987-жылы туулган Анара Эргешованын жансыз денеси кырсык болгон жерден 6 чакырым төмөн жактан табылган.                 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх Жайлары жаннаттан болсун ооруканадагы Эже уулу жакшы болуп кетишсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: