Ошто бала бакчалар күтүүсүздөн текшерилүүдө






















Ошто бала бакчаларды күтүүсүздөн текшерүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, атайын комиссиянын курамына Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С.Аманова, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана профилдик бөлүмдөрдүн өкүлдөрү киришти. Рейддин негизги максаты бала бакчаларда санитардык-гигиеналык, материалдык-техникалык базанын, балдардын тамактануу нормаларынын сакталышын текшерүү болуп саналат.
Рейддин жүрүшүндө алгач 2 бала бакча текшерилип, анын биринде суунун басымы аз болгондугуна байланыштуу техникалык персонал кыйынчылыктарга учурап келгени аныкталган. Ал эми экинчи бала бакчада спорт аянтчасы нормаларга жооп бербегени байкалган. Аталган мүчүлүштүктөрдү жоюуга бала бакча жетекчилигине 2 жума мөөнөт берилди.


Азыр эмне коп кафе, тунку клубтар шаг сайын.
больница садик дегендерди салышса гана...карапайым эл больницага да жете алышпайт, балдар да садике да бара албай...
алышат