Футбол боюнча улуттук курама Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 20 орун алдыга жылып, 157-орунду ээледи

Футбол боюнча улуттук курамабыз Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 20 орун алдыга жылып, 157-орунду ээледи. Рейтинг акыркы жолу бүгүн, 9-июлда жаңыланды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, өткөн айда Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы бул рейтингде 209 кураманын ичинен 177-орунду ээлеген. 1 ай ичинде 2 оюн өткөргөн футболчуларыбыз Бангладешти конокто утуп (1:3), Бишкекте Австралияга утулуп (2:1) калышты. Улуттук кураманын карамагында 160 упай бар.
Дүйнөлүк рейтингдин алдынкы сабында да өзгөрүү болду. Дүйнө чемпиону Германия 1 жылга жакын убакыттан кийин 2-орунду ээлеп калды. Алдынкы сапка Америка Кубогунун финалында утулган Аргентина курамасы чыкты. Алдынкы ондукка Аргентина, Германия, Бельгия, Колумбия, Голландия, Бразилия, Португалия, Румыния, Англия, Уэльс сыяктуу курамалар кирди.

Австралия менен ничья ойногонубузда 147-орунга илешмек экенбиз эле .