super.kg logo

Ош. Бала бакчаларда наристелердин тамак-ашына бөлүнгөн акчаны жогорулатуу маселеси көтөрүлдү

 

Ош шаарындагы бала бакчаларда наристелердин тамак-ашына бөлүнгөн акчаны жогорулатуу маселеси көтөрүлдү. Мындай кабарды бүгүн, 9-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 8-июлда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана мэриянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүлдү. Анда бала бакчалардагы наристелердин тамак-ашынын калориясын көтөрүү, коррупциялык элементтерди жоюу маселелери талкууланды.

Жыйындын аягында балдар бакчаларынын санитардык-гигиеналык абалын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүү, балдарды витаминдештирүү жана тамак-ашынын калориясын жогорулатуу боюнча бир катар
иш-аракеттерди иштеп чыгуу чечими чыгарылды.

Мындан тышкары балдардын алып жаткан таалим-тарбиясын жана билимин текшерүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: