super.kg logo
  Саясат  

Былтыр депутаттар Чыныбай Турсунбеков 12 миллион, Шаршенбек Абдыкеримов 112 миллион, Азамат Арапбаев 94 миллион сом киреше тапканын айтышты

 
Мамлекеттик кадр кызматы 2014-жылкы кирешелери тууралуу декларация тапшырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмесин жарыялады. Андагы маалыматка таянсак, парламенттеги 5 фракциянын лидери былтыр төмөнкүдөй киреше табышкан:
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков
Айлыгы - 1 миллион 047 454 сом.
Башка кирешелери - 11 миллион 360 030 сом. 
"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов
Айлыгы - 1 миллион 169 229 сом.
"Ата Журт" фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошова 
Айлыгы - 1 миллион 077 355 сом.  
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 
Айлыгы - 1 миллион 058 047 сом. 
"Республика" фракциясынын лидери Максат Сабиров
Айлыгы - 714 463 сом.
Былтыркы кирешесинин суммасы боюнча депутат Шаршенбек Абдыкеримов (112 миллион 707 469 сом тапканын көрсөттү) менен Азамат Арапбаев (94 миллион 058 515 сом) алдыда. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: