super.kg logo

"Ата Мекен" партиясы бир нече коомдук жана саясий уюмдар менен биргелешип иш алып баруу тууралуу келишим түздү

 

Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Ата Мекен" социалисттик партиясы борбор калаанын жашоочуларына республикада "Турак жай куруунун жаңы концепциясын" сунуштады. Аталган коомдук угууга шаардын тургундары, жаңы конуштардын лидерлери жана өкүлдөрү катышышты. Жыйындын жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, Бишкектин айланасындагы үй куруучулардын лидерлери менен кызматташуу боюнча билдирүү жасап, келишимге кол коюшту.

Жыйынтыгында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Үй куруучулардын коомдук-саясий биримдигинин төрагасы Жанаалы Шабдырай-Зергер, “Ашар” коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарбек Мурзакулов, Кыргызстандагы үй куруучулардын саясий партиясынын төрагасы Бейшенбек Абдразаков, “Бишкек” коомдук бирикмесинин төрагасы Мухтар Айткулов жана Ак-Өргөө конушунун аймактык, коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы Бактыбек Акматовдор төмөндөгүдөй чечимге келишти.

Акыркы мезгилдеги Бишкек шаарындагы курулуш тармагынын абалы, шаарды өнүктүрүүнүн келечеги, социалдык маселелерди чечүүнүн жүрүшү тууралуу кырдаалды талкуулап, бул багыттагы бир катар  концептуалдуу маселелерди чечүүдө позициялардын дал келгендигинен улам тараптар кызматташуу боюнча биргелешкен макулдашууну кабыл алуу зарыл деп табышты.

Буга чейин белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында курулуш тармагы боюнча мамлекеттик саясат жокко эсе. Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын турак жайга болгон укугу мыйзам тарабынан белгиленгенине карабастан, бүгүнкү күндө жүз миңдеген жарандар бул укугунан ажыраган. Өлкөдө турак жайлар аз санда курулуп, сатып алууга көпчүлүк жарандардын каржы жактан мүмкүнчүлүгү жетпейт. Статистикалык маалыматтарга таянсак, республикада 300 миң үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон эмес. Жашоо шарты өтө начар 20 миң үй-бүлө кечиктирилгис көчүү иштерин талап кылат, себеби калктын 30 пайызы бузула турган, эски, авариялык абалдагы үйлөрдө жашоого мажбур болууда.

Турак жай маселесин чечүүдө ипотекалык насыя берүү жакшы жолго коюлган эмес, жеке курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жер тилкелерин бөлүү иштери начар уюштурулган. Учурдагы баа менен катардагы карапайым кыргыздын үй-бүлөсү батир сатып алуу үчүн 21 жыл каражат чогултууга аргасыз. Кыргыз бийлигинин мындай маанилүү социалдык маселелерди чечүүдө мажүрөөлүк кылып жаткандыгын Казакстандын жана Орусиянын көрсөткүчтөрү менен салыштыруудан улам көрүүгө болот. Казакстанда турак жай сатып алууга төрт жыл керектелсе, Орусияда алты жылга жакын убакытта жарандар турак жайга ээ болушат.

Республиканын шаарларында башкы пландын жоктугу баш аламан курулуштардын келип чыгышына шарт түзүп, шаардын архитектуралык жактан көркүн бузуп, келечекте жол кыймылына терс көйгөйлөрдү жаратууга негиз болууда. Айрыкча оор жагдай Бишкек шаарында түзүлүп, борбор калаа айыл жана шаарга, эки башка маданиятка, ал эми анда жашаган калк эки элге бөлүнүп калгандай элес калтырат. Шаардын борбордук бөлүгүндө тиешелүү шарттар түзүлгөнү менен, ошол эле учурда шаардын чет жакасына жол салып, газ киргизип, суу жана канализация, жарык менен камсыз кылып, ошондой эле тиешелүү социалдык инфрастуктураларды (бала бакча, мектеп, маданий жайларын, дүкөн) куруу турмуш зарылдыгы бойдон калууда. Бишкектин жүздөгөн жашоочуларынын каттоолору жок, мунун айынан билим алуу, медициналык жактан тейлөө боюнча жарандар өздөрүнүн укугунан пайдалана албай, коомдук жана саясий турмуштан сүрүлүп калууда.

"Ата Мекен" социалисттик партиясы, үй куруучулардын “Ашар” коомдук-саясий биримдиги, Кыргызстандагы үй куруучулардын саясий партиясы, “Бишкек” коомдук бирикмеси, Кыргызстандагы үй куруучулардын демократиялык бирикмеси, жана Ак-Өргөө конушунун аймактык, коомдук өз алдынча башкаруусу өлкөдөгү мындай абалды талкуулап, төмөндөгүдөй чечимди кабыл алышты:

1. Өлкөдөгү өтө оор маселе болуп саналган турак жай маселесин чечүү үчүн турак жай курулушу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгып жана аны ишке киргизүү үчүн каржы булагын табуу.

2. Тиешелүү тараптардан керектөөчүнү колдоо системин түзүүнү талап кылуу (жетиштүү ипотекалык программалар, жеңилдетилген насыялар, ар түрдүү категориядагы жарандарга жеңилдиктер).

3. Кыргыз Республикасындагы калктын мобилдүүлүгүн арттыруу үчүн социалдык жана ижаралык турак жайларды өнүктүрүүгө таасир этүү.

4. Кыргыз Республикасындагы шаар бийликтерин калктын демографиялык өсүү темпин жана миграциялык жагдайды эске алып, шаарлардын, айылдардын башкы планын түзүп чыгышын мыйзам аркылуу милдеттендирүү.

5. Дачалык кооперативдерге калк жашаган пункт катары статус берүү.

6. Бишкек шаарындагы шаардан сыртка чыга турган жолдордун долбоорун даярдоо жана куруу.

7. Бишкек жана Чүй облусунун бийликтеринде башкы планды кароодо борбордон сыртка тоскоолдуксуз чыга турган же ылдамдатылган трассаларды куруу боюнча макулдашсын.

8. Атуулдардын социалдык колдоолорго болгон укуктары алардын каттоосунан көз каранды болбошу үчүн социалдык жеңилдиктерди жашап жаткан жеринен ала тургандай системге өткөрүү.

9. Кант, Сокулук шаарларына спутник-шаар статусун берип, аталган шаарларда социалдык инфаструктураны түзүп жана Бишкек шаарына карай эмгек миграциясынын санын азайтуу максатында аталган шаарларда жумушчу орундарын түзүү.

10. Өздөрү таасир эте албаган жагдайлардан улам кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамдаштыра албаган менчик ээлерине турак жайларына легалдуу статус алуусун шарттаган жаны мыйзамдарды кабыл алуу менен маселени чечүү.  

“Ата Мекен” социалисттик партиясы жана аны колдогон саясий жана коомдук бирикмелер биргелешүү аркылуу Кыргыз Республикасынын алдындагы социалдык жана экономикалык тапшырмаларды мыйзам алкагында чечүүгө болот деп ишенет. Партия жана аны колдогон саясий жана коомдук кыймылдар аталган кайрылуунун текстинде белгиленген тапшырмаларды чечүүгө даяр экендиктерин билдирет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(32)
09.07.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супер инфодо жок дегенде күнүнө 2,3 жолудан Текебаевди чыгарып калдыңар...
ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-10 10:32:57
09.07.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
warsaw.,
))))))))
10.07.2015. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
warsaw., хехе
10.07.2015. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
warsaw.,Иштеп жатат, ошондуктан маалымат каражаттары байма-бай чагылдырып жатат, Текебаев биздин келечек учун иштеп жатат.
10.07.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
warsaw. - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
09.07.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
23 жыл мурун ушул идеяны алып чыкканда,шаар башкача болмок.Эми уй куруш оной эмес.Бул оюнар ишке ашарына эч ким деле ишенбесе керек.
10.07.2015. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mongol1155,Текебаев 26 жылдан бери ушундай идечлар менен жашап келет. Бирок жеп ичээрлер, коррупционерлер ишке ашырууга тоскоолдук кылып келет. Ушунча жыл курошуп отуруп акыры ушуга жетти, эми анын аткарылышына шарт тузулуп жатканда колдойлу. Элдин колдоосу гана аога жетелейт. Кайгырбай жардам бер, коом сен жана мен.
09.07.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
301 миңинчи кылып мени да кошуп койгулачы, анткени менин да үйүм жок. А мен үй алыш үчүн ичпей-жебей жок дегенде 10 жыл чогултсам, ошондо өмүрүмдүн жарымын жашап койгон убак болот экен. Ошого чейин үйүм жок жүрөт экем. Ошол, тагдырыма баш ийдим, аракет кылып көрдүм эле, аракетимден эч нерсе чыкпады )))
10.07.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мэри, Эмнеге? Четтен бироо келип эч качан сизге уй куруп бербейт. Аллахдан эч качан умутту узбой, Аллах насип кылса ден-соолук, куч кубат, акыл эс берсе. 2-3жылда аласыз буйруса. Умутсуз шайтан дейт, Сабырдын тубу сары алтын. Эч качан токтобой андан чон нерселердида сурай берин. Менинда сиз сыяктуу уйум жок, бирок 10жыл мурда эмнелерди ниет кылсам ошолорго жетипмин. Бир гана уй жонундо ниет кылбаптырмын, жаштык кылып болотда уйлонгон сон аламда, машина болсо жетет деп, корсо коп тилектерди кылыш
10.07.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
парламенттик шайлоого катуу даярдык!
10.07.2015. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого карата дагы бир жаны жомок, ушинтип алдап жургондоруно 20жылдан аштыго ,онуккондун оордуна артка кетип
10.07.2015. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nura.177,Сен, мен, ал колдосо ушундай жомоктор ишке ашат. Жашоонун озу кыял жана жомоктордон турат досум, айтып коюш оной, аткаруу кыйын. Текебаев аткарам деп жатат, баштала электе эле наалыбай тескерисинче колдойлу, аткарылбаса айта берсен болот, кичине сабырдуу бололу да, 20 жыл куткон дагы 5-10 жыл кутконго чамабыз жетээр, балким андан тез болоор.
10.07.2015. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биргелешууго макулдашты дейт Шайтан менен биригем деген ушу Текебаев окшойт
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-10 12:18:40
10.07.2015. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaar,Текебаев менен баарлашкан адамдын ой туюму алмашат. Текебаев шайтан менен эмес, жашоону жаны нукка буруу максатында кыргызстандагы аракетчид коомдук, саясий кучтор менен биригип жатат. Кеп алардын кечээгисинде эмес, Кыргызстандын келечегинде. Чындыкта айткандыгы учун, Текебаевди жектегендер анын кыялдарын ишке ашырууга тоскоолдук кылып келет, жок дегенди эми колдоп туралычы, сен дагы досум ушак созго алдырбай колдо!
10.07.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaar - эскертүү!
Кимидир бирөөнүн аты-жөнүн мазактаган билдирүүлөгө тыюу салынат. Дагы кайталанса сайттан четтетилесиз.
10.07.2015. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Ата мекен партиясы башкаларга салыштырмалуу кыйла таза иштейт,ал эми Текебаев элди ойлогон инсан!
10.07.2015. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек жана башка шаарларды, республикадагы турак жай проблемасн чеч максатында коомдогу саясий жана коомдук кучтордун ушинтип биригишинин эмнеси жаман. Эн башкысы демилге бар, биригуунун натыйжасы жакшы болооруна ишенип туралы. Антпесек мамлекеттин турак жай программасы жоктугунан калкыбыз турак жайсыз кыйналып жаткан чагы. Текебаев болгону ошол актыкты толтуруп, маселени чечуунун аракетин кылып жатыптыр, ал учун азамат дегенден башка кеп жок. Текебаевди колдоп турсак бизди колдойт.
10.07.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semakg, рахмаат, жылуу сөздөрүңүзгө... Бирок мен күтүп жүрүп, күтө берип чарчап кеттим окшойт да... ))) Макул... кайра аракет кылып баштайын, ээ )))
10.07.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мэри,ырахмат сага дагы. Кутуп жата бербей аракет кылыш керек. Аракет кылганын ушул болот парламенттик шайлоодо эл учун аракет ылып жаткан партиялардын мыктысын тандап алуу керек. Мисалы, "Ата Мекен", "Улуттар Биримдиги", "КСДП" сыяктуу дегендей. Ошол тандообузун жоктгунан артка кетип жатабыз да.
10.07.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаев 25жылдан бери эмне кылып койду деп жазгандар бар. Бул созду жазгандар саясаттан эч тушунугу жок адамдар деп ойлойм.Тушунук болбогон сон андай темага аралашпай жургуло да.Текебаев саясатта жургон 25 жылдын 20жылдан ашыгын опозицияда журду.Ал деген ошол 20жылда Текебаевдин иш алып баруусуна эч кандай мумкунчулук беришкен жок деген соз.Азыр гана ойлорун ишке ашырганга мумкунчулугу келип турган учур. Текебаевдин бийликке келишине колдоо коргозушубуз керек.Эл деп жанын сайган жалгыз саясатчы
10.07.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазып жаткан созун туура жазалбай жатып "теке" деп ат койуп,антпеди мынтпеди деп акылдуу болумуш болгондор бар экен.Атанды олтурсо да адамга ат койуп суйлогонун озундун эле пастыгынды коргозгонун.Кыргыз ушундайбыз тируусундо адам кадырын билбейбиз.Колубуздан куурай башын сындырыш келбейт, уйго жатып алып акыл айткандан алдыбызга киши салбайбыз чиркин.
10.07.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, жазгандар туура айтып жатышат. 20 жылдан бери кыйртабыз деп келе жатышат. Бир гана Текебаев болоор ишти айтып келет. Ойлорун ишке ашырып жиберейин десе бийликте з адамдары жок, КСДПдан баргандар шефинин айтканын жасайт да. Текебаев бийликке келсе турак жай курууну 30 пайызга арзандатуунун жолун айтып жатпайбы. Болгон мамлекет жер жана башка салыктар чн куруучудан пара, ар кандай толомдорд албай коет. Мурда шаар бийлигинде КСДПчы иса Омуркулов турса, азыр КСДПчы Кубанычбек Кулматов турат.
10.07.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевдин ушул келишиминен улам ой келет да, адамдар бир жилик эт, бир лампочкага же болбосо жерин 100 сомго арзан айдап бермин деген Онугууго ишенип добуш берет. Эй туугандар жарым чакырым жолго тогулгон шагылга, столбадагы лампочкага, болбогон тыйын-тыпырга алданып добуш берип, анан 5 жыл депутаттар жаман деп басып журоюуз. Илгери Эргеш Торобаев (тааныбасанар Бакыт Торобаевдин атасы) деген депутат болоор эле, шайлоодо чалдарды курортко алып барчу эле, алданып 5 жыл наалып журчу. Эми 100 сом.
10.07.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Polat,абдан туура белгилептир. Онугуу партиясынын башчысы Бакыт Торобаев сабагынан алыс тушпоптур. Озунун трактору менен 100 сомго арзан айдап беремин деп, элден акча алып жатпайбы, бекер айдап-сээп берсе мактанса болот. Саясат бир жилик эт, 500 сом же болбосо айдалган жер эмес. Эгер биз Текебаев сыяктуу адамды шайласак турак уйубуз онолот, жерибизди Бакыт Торобаевдин трактору эмес, менчик трактор менен айдап калабыз. Жолдорубуз онолуп, заманыбыз жакшырат. Тил эмизген талапкерлерге ишенбегиле.
10.07.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ата Мекен" партиясы социалисттик маселерди дайым колдоп келет. Жумурай журт козун ачыш керек. Анткени келээрки шайлоо Кыргызстандын тагдырын чечуучу болот.
11.07.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Чиркешович жакшы пландарды коюп жатат. Супер Инфо рахмат дайыма чыгара бериниздер иштеген адамдарды. Биздин келечектеги президентибиз. Ишинизге ийгилик Омурбек Чиркешович.
11.07.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул шайлоодо Ата Мекен өтөт деп ишенен, Жалгыз үмүтүбүз сенсиң Ата Мекен...
11.07.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Партиялардын атасы Ата Мекен алга биз силер мененбиз
14.07.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев О. Ч. - историческая личность, его дела ощутит приближающее ВРЕМЯ, то есть новое поколение. Он оценил свое историческое значение для кыргызского народа и посеял ростки, которым суждено стать огромными деревьями в недалеком будущем для процветающего Кыргызстана. А наши потомки став взрослыми дадут историческую оценку нынешнему ВРЕМЕНИ и личностям.
14.07.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Мекен партиясы шайлоодо женип чыгышына тилектешмин
14.07.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ходят разговоры, что в ближайшем будущем Омурбек Текебаев выступит с новыми, еще более сенсационными заявлениями, им число его сторонников продолжит расти.
14.07.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев собирает силы

За последние недели партия «Ата Мекен» неоднократно становилась источником новостей. Так, и рядовое, казалось бы, событие – областная партконференция в Джалал-Абаде – дает пищу для размышлений. Похоже, лидеру партии Омурбеку Текебаеву удалось в преддверии выборов консолидировать своих сторонников.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: