Президент Алмазбек Атамбаев Уфага учуп кетти
Бүгүн, 9-июлда президент Алмазбек Атамбаев Башкортостандын борбору Уфа шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Мамлекет башчы анда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат. 2 күнгө созулган иш сапарынын алкагында Атамбаев Иран өлкөсүнүн башчысы Хасан Роухани жана Ооганстандын башчысы Ашраф Гани менен жолугушмакчы. Саммит 8-июлда башталган.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, президенттин иш сапары менен бүгүн түшкө жуук учуп кетүүсү пландалган эле. Бирок бир тууган агасы Калыйбек Шаршенов 8-июль күнү кечке жуук каза болгондугуна байланыштуу иш сапары кечки убакытка жылдырылган. Калыйбек Шаршеновдун сөөгү бүгүн өзү жашап келген Аламүдүн районундагы Арашан айылына коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

