super.kg logo

12-июлда Жалал-Абад шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгы убактылуу берилбейт

 

12-июль күнү Жалал-Абад шаарындагы "Ключевая" көмөк чордонунда оңдоп-түзөө жумуштары жүргөндүгүнө байланыштуу шаардагы бир катар аймактарда электр жарыгы убактылуу чектелет. Анда Хамза, Букуми, Жуматаев, Икрамов, Садовая, Салы Бакиев, Некрасов, Горький, Калинин, Пушкин, Мельничная, Токтогул, 1-Май, Октябрь, Кызыл Армия көчөлөрүндө, аны менен катар Токтогул атындагы эс алуу багында, Жалал-Абад шаардык архив бөлүмүндө, Өрт өчүрүү кызматында, облустук прокуратурада, Медициналык окуу жайда, Жалал-Абад шаардык газ чарба бөлүмүндө эртең мененки саат 08:00дөн баштап кечки саат 18:00гө чейин электр энергиясы берилбейт.      

“Жалал-Абад электр” ишканасынан маалымдашкандай, ошол эле күнү "Промышленная" көмөк чордонунда да электр линияларында оңдоп-түзөө жумуштары уланып, анын негизинде Курманбек, Достук кичи райондорунда  Баетов, Тоголок Молдо, Курулуш көчөлөрүндө жана Жалал-Абад облустук статистикалык бөлүмү менен эт комбинатында да 08:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта электр энергиясын берүү убактылуу токтотулат.  Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн ишкана кечирим сурайт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: