super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Таласта балдар бакчасы ачылат деп элден акча чогултулган, бирок бир жылдан бери жылыш жок

 

Талас районунун Кызыл-Туу айылында бала бакчанын имараты даярдалган. Үч-төрт жылдан бери мына ачылат деп айтылып, бирок ачылбай келет. Кезинде элден акча чогултулуп, бала бакчага бара турган балдардын ата-энелеринен 5000 сомдон алышкан. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

“Менин эки балам бар, айылдагы ФАПта иштейм. 4000 сом айлыгым эч нерсеге жетпейт. Эптеп эки балам бала бакчага барсын деп 5000 сомдон 10 000 сом бергем айыл өкмөтүнө. Бир жыл болду, бала бакча ачылган жок. Балам мектепке барайын деп калды”,- дейт окурман.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.07.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:) Чоноюп калса барбай кое берет экен да.
10.07.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle, ооба ошентип суйлой бер ,чоноюп калса барбай коёт да эми деп. Бул жерде коррупция тамыры тии тоолуу айылдарга чеин тамырлап кеткени жонундо соз болуп жатат,если ч О.
10.07.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:) Если ч О , экообуздун жазган комментарийлер ушул жерде эле калат. Бул маселени акча бергендер чогулуп, жергиликтуу окмоттон талап кылыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: