Кемин районунда унаа уурдоого шектелип 18-19 жаштагы эки бала кармалды

Кемин районунда унаа уурдоого шектелип эки бала кармалды. Бул тууралуу 10-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 33 жаштагы И.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал белгисиз үч адам сабап, Тойота-Карина үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкенин билдирген. Окуя Кемин шаарынын Калинин-Космонавттар көчөсүндө орун алган. Арыз түшкөндөн кийин кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1996-жылы туулган М.У. жана 1997-жылы туулган М.У. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Интернеттен алынды
Маалыматка караганда, милицияга 33 жаштагы И.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал белгисиз үч адам сабап, Тойота-Карина үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкенин билдирген. Окуя Кемин шаарынын Калинин-Космонавттар көчөсүндө орун алган. Арыз түшкөндөн кийин кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1996-жылы туулган М.У. жана 1997-жылы туулган М.У. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

балдардан экен да.