Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу уланууда (фото)










Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу уланууда. Жол салуу иштери учурда Жалал-Абад облусунун Сузак, Тогуз-Торо райондорунун аймагында жүрүп жатканын Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, 3 фаза менен курулуп бүтмөкчү.
Биринчи фаза: Жолдун узундугу 154 чакырымды камтыйт (Кызыл-Жылдыз айылынан Арал айылына чейин, Казарман айылынан Жалал-Абад шаарына чейин). Көк-Арт ашуусунда узундугу 3,7 чакырымды түзгөн тоннель болот. Бул фазага жалпы 400 миллион доллар жумшалат.
Экинчи фаза: Жолдун узундугу 96 чакырым (Аралдан Казарманга чейин). Бул бөлүккө узундугу 0,7 чакырым болгон тоннель салынат. Жалпы суммасы 284 миллион доллар.
Үчүнчү фаза: Жолдун узундугу 183 чакырым (Кызыл-Жылдыз айылынан Балыкчы шаарына чейин). Жалпы суммасы 166 миллион доллар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
4

