Депутат Дастан Бекешев КСДПга кошулду
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев түптөгөн "Ак ниет" партиясы күзүндө өтчү парламенттик шайлоого КСДП менен барат. Бул тууралуу депутат өзү 10-июлда социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу жарыялады. Мындай чечимге партиясынын азырынча жетиштүү салмагы жоктугу үчүн барганын айтат депутат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Ошондой эле президенттин өлкөнү өнүктүрүү үчүн аткарып жаткан иштерин эске алып парламенттик шайлоого КСДП менен барууну чечтим",- дейт депутат. Айта кетсек, Дастан Бекешев 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Ар-намыс" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















