super.kg logo

Ош шаарында ЕАЭБге кирүү алкагында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулат

 

Ош шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директорунун орун басары Амангелди Исаев билдирди. Анын айтымында, Орусиялык өнүгүү фонду Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алкагында атайын лабораторияларды курууга жана адистердин квалификациясын жогорулатууга 1 миллион 200 миң АКШ долларын бөлүүдө.

Бул каражаттын 240 миң долларына Ош шаарында атайын өсүмдүктөрдүн карантини боюнча жеңил конструкциядагы лаборатория курулат. Мындан тышкары Бишкектеги жана Оштогу фитосанитардык лабораториялар 800 миң долларга заманбап жабдыктар менен жабдылат. 5 миң доллар адистерди окутууга жумшалат. Ошондой эле Бишкек шаарындагы фитосанитардык лаборатория капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт”,- дейт Исаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: