super.kg logo

Жалал-Абадда өткөн майрамда Тогуз-Торонун кымызы мыкты деп табылды

 

Кымыз майрамы Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында болуп өттү. Бул тууралуу 10-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаарда өткөн I бизнес-форумдун катышуучуларына кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымызды даңктоо жана бул суусундуктун элдин саламаттыгына болгон пайдасын жайылтуу максатында кымыз сунушталды. Иш-чарада конокторго алыскы аймактардан, жайлоолордон алынып келинген кымыз суусундугу жана нукура кыргыз тамак-ашы тартууланды. Кымыздын сапатына, даамына сынак жарыяланып, атайын комиссия түзүлүп, кымызга баа беришти.  

Майрам концерттик программа менен коштолуп, жыйынтыгында кымыз боюнча алдынкы орун алган район, шаарларга байгелер берилди. Баш байгени алган Тогуз-Торо районуна 10 миң сом, 1-орунду алган Аксы районуна 8 миң сом, 2-орундун ээси болгон Сузак районуна 6 миң сом, 3-орунга ээ болгон Токтогул районуна 5 миң сом тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: