Өмүрбек Текебаев: "Коалициялык көпчүлүктү таратууга негиз жок"
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү таратууга азыр негиз жок экенин 10-июлда басылмалардын бирине билдирди. Депутат коалицияны шайлоо алдында таратуу кооптуу экенин айтат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Эгерде коалициялык көпчүлүк таратылса, анда өкмөттү кайрадан түзүү керек болот. Ага убакыт жок, анткени өкмөт шайлоонун өтүшүн камсыздашы керек",- деди депутат.
Ошондой эле ал "Ата Мекен" фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыгуу ниети жок экенин кошумчалады. "Башка фракциялардын коалициядан чыгуу боюнча расмий сунуш алган жокпуз жана биз дагы мындай кылууга барбадык",- деди Текебаев.
Эскерте кетсек, буга чейин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Ата Мекен" фракциясын коалициядан чыгууга чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

