super.kg logo

Республикалык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна Казакстан 3,5 миллион доллар бөлүүдө

 

Республикалык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна Казакстан 3,5 миллион доллар бөлүүдө. Муну бүгүн,10-июлда пресс-тур учурунда аталган мекеменин директорунун орун басары Асан Кыдыргычов билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттар өлкө аймагында жайгашкан 24 лабораторияны оңдоп-түзөөгө жана адистердин квалификациясын жогорулатууга жумшалат.

Жалпысынан республика боюнча биздикиндей лабораториялар 26, алардын экөөсүн оңдоп-түзөөгө Орусия каражат бөлсө, калганын жакшыртууга Казакстан жардам берүүдө. Учурда лабораториянын Бишкектеги филиалы аккредитациядан өттү, даярдыктар Ошто жана Нарында өткөрүлүүдө. Аттестациядан өтүү деген биздин айыл чарба өсүмдүктөрү жана мал-жандыктар тиешелүү текшерүүдөн өтүп, баары жакшы болсо, чет өлкөгө сатууга жөнөтүлө алат дегенди билдирет”,- деди адис.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: