"Мейкин Азия" Эл аралык фестивалында өлкөбүздүн намысын 5 ырчы коргойт

23-25-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде “Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы өтөт. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, анда кыргыз өлкөсүнүн намысын 5 ырчы коргойт.
Автор: Максат Кудайбердиев
Тандоо турунун жыйынтыгында Адилет Азимов, Акмөөр
Болотбек кызы, Руслан Асанкан уулу, Аксайбек Муканбет уулу жана Жийдеш Идрисова аттуу ырчылар сынакка катышууга укук алышты. Тандоо туруна жалпысынан 40 ырчы катышты.
Кошумчалай кетсек, фестивалда Орусия, Кытай, Түркия, Болгария, Бахрейн, Литва, Македония, Румыния жана башка чет өлкөлөрдүн эң мыкты музыка аткаруучулары вокал чеберчилиги боюнча ат салышат. Сынакта ар кайсы мамлекеттен келген катышуучулар өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткаруусу керек. Ага 17 жаштан 35 жашка чейинки ырчылар катыша алышат. Популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы сынактын байге фонду – 1 000 000 сом.
Фестивалдын максаты маданиятты өнүктүрүү, таланттуу аткаруучуларга колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасын туристтик аймакка айландыруу болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Mongol1155

10.07.2015. 16:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эле жаап жашырып жатышат.Ачыгын эле айтсанар болбойт беле.Тандоодон откондон кийин анын эмнесин жашырашат?
ABAkg86

10.07.2015. 16:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмоор карындашыма ийгилик!
Medina87

11.07.2015. 00:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элибиздин намысын коргоого онор жолунда ат салышкандарга ийгилик!!!
Kunbeken

11.07.2015. 08:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын атынан катышкан ырчыларыбызга ийгилик !!!
Azim.00kg

11.07.2015. 09:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.