Чүй. Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясынын 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт
Эртең, 11-июлда Токмок шаарында 02626-аскер бөлүгүнүн базасында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 74 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлмөкчү. Муну КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Белгилүү болгондой, салтанат митинг-реквием жана И.В.Панфиловдун эстелигине гүлчамбарларды коюу менен ачылат.
Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары, генерал-майор Закир Тиленов дивизиянын өздүк курамын майрамы менен куттуктайт. Ал эми иш-чарага катышуу үчүн Токмок шаарынын мэри, Токмоктун шаардык кеңешинин башчысы, аскер кызматчылары менен алардын үй-бүлөлөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Панфилов дивизиясынын ардагерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен шаар тургундары чакырылган.
Майрамдын урматына дивизиянын командиринин буйругу чыгарылган, ага ылайык, мыкты аскер кызматчыларына сыйлыктар тапшырылат.
Айта кетсек, азыркы учурда дивизиянын аскер кызматчылары өздөрүнүн “гвардиячы-панфиловчу” деген жогорку наамын сыймык менен татыктуу алып жүрүшөт. Алардын күжүрмөн даярдыктагы жана күндөлүк кызматтагы көрсөткүчтөрү ар дайым жогору.
Маалымат үчүн: 8-гвардиялык же панфиловчулар дивизиясы Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы айларында кыргыз жергеси менен Казакстандын аймактарында түзүлгөн жана согушка башынан аягына чейин татыктуу катышкан. Бул төрт жыл ичинде дивизиянын аскерлери тарабынан 85 миңден ашык душман талкаланып, 5 миңге жакын жоокер жана офицер туткундалган, 387 танк, 65 сооттолгон унаа, 43 учак, 451 курал, 2010 автоунаа, 328 мотоцикл жана 180 миномёт жок кылынган. Бир дивизиянын курамындагы кыргыздар, орустар, казактар, украиндер, татарлар жана башка улуттар бири-бири менен ынтымакта, достукта бир максатты аркалап кызмат кылышкан.

