Чүй районунда автокырсык болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди
25-февралда Чүй облусунун Чүй районундагы Токмок-Маданият унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул күнү Фольксваген унаасынын айдоочусу, 24 жаштагы М.К. унааны башкара албай калып жол жээгиндеги бетонду сүзгөн. Кырсыктан 24 жаштагы М.К., 20 жаштагы Б.кызы Ж. жана 20 жаштагы А.кызы А. аттуу жарандар ар түрдүү жаракат алышып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.