Шанхай Кызматташтык Уюму Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ишти улантат

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер уюмдун алкагында Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ишти улантышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Башкортостандын Уфа шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында кол коюлган документте айтылганын чет элдик маалымат каражаттары кабарлады. Ал эми жыйында президент Алмазбек Атамбаев уюмдун банкын түзүүнү тездетүүгө чакырды.
Мурдараак эл аралык эксперттер чет элдик маалымат каражаттарына уюм Өнүктүрүү банкын түзүү максатынан кайтарын билдиришкен.
Айта кетсек, уюмга Кыргыз Республикасы, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

