Билим берүү министри Ошто бала бакчалардын тарбиячылары менен жолугушту




Бүгүн, 10-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Oштогу бала бакчалардын тарбиячылары менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр шаардагы бала бакчалардын тарбиячылары менен жолугушуу учурунда алардын жасап жаткан иштерине жогору баа берүү менен өзүнүн жылуу пикирлерин билдирди. Ал эми шаардагы “Мээрим” балдар бакчасындагы жолугушуу учурунда аталган бакчанын “Мыкты билим, мыкты бала бакчалар Кыргызстандын балдары үчүн” долбоору менен иштеп жаткан эмгек жамаатынын үзүрлүү эмгектерин мактоого алды. Аны менен катар семинар-тренингдин жыйынтыгы менен тарбиячыларга сертификаттарды тапшырды.
Эске сала кетсек, “Мээрим” балдар бакчасында буга чейин аталган долбоордун алкагында семинарлар өткөрүлүп, ага шаардагы 40тан ашуун тарбиячы катышкан.

