Бишкектин Көк-Жар конушунда 280 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушу 70-80 пайызга бүткөрүлдү





Бишкектин Көк-Жар конушундагы 280 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушу 70-80 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу курулуштун жетекчилери Октябрь районунун акими Болот Алымкулов менен жолукканда билдиришти.
Маалым болгондой, учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, күзүндө курулуш иштери аяктайт.
Болот Алымкулов аталган имарат Октябрь районундагы эң чоң жана заманбап салынып жаткан бала бакча экенин белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Көк-Жар конушундагы муниципалдык бала бакчанын курулушу шаардык бюджеттен каржыланып, мэр Кубанычбек Кулматовдун көзөмөлүндө. Бала бакча 280 балага ылайыкталып, план боюнча 2015-жылдын 4 кварталында колдонууга берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.