ЭЛДИК КАБАР: Оштун кире беришиндеги айлампанын тосмолору кыйрап жатат







"Ош шаарынын кире беришиндеги айлампа жолдун ортосундагы тосмолор кыйрап калган. Буга шаар бийлиги көз салып койсо болмок". Мындай пикирин окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Улуу Жибек жолунун так ортосунан орун алган ушул айлампа аркылуу Ош шаарына миңдеген коноктор кирип-чыгышат. Тосмонун ичиндеги жашыл чөптөр куурап турганы аз келгенсип, жергиликтүү тургундар ушул жердин кара топурагын казып кетишет. "Эшигин көрүп төрүнө өт" деген сөз бар. Анын сыңары, шаар бийлиги ушул жерди заманбап үлгүдө жасап койсо болбойт беле?.."- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
4

Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.