super.kg logo
  Саясат  

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен премьер-министр Темир Сариевдин жолугушуусу өтөрү күтүлүүдө

 
Бүгүн, 12-июлда кыргыз жерине алгачкы ирет иш сапары менен келген Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен премьер-министр Темир Сариевдин жолугушуусу өтөрү күтүлүүдө. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы маселелер талкууланарын өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Жолугушуу соңунда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу тууралуу документтерге кол коюшмакчы. Андан кийин ал Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушат. 
Айта кетсек, Моди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен кезигишип, кызматташуу тууралуу пикир алышты. Моди Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргыз Республикасына алгачкы жолу келди. Аны кечээ, 11-июлда “Манас” аэропортунан премьер-министр Темир Сариев тосуп алган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: