Бишкек мэри: "Дордой конушундагы курулуп жаткан мектеп жаңы окуу жылында ишке берилиши керек"
















Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Дордой конушундагы мектептин курулушу жана Гроздь айылындагы көрүстөндүн абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу 11-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Дордойдогу жаңы мектептин курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 158 миллион сом бөлүнгөн. Планга ылайык, орто билим берүү жайы 960 орундуу. Курулуштун негизин салуу үчүн казылган чоң чуңкур 2009-жылы эле казылган. Бирок кандайдыр бир себептерден улам мектепти тургузуу иштери 2014-жылы ноябрь айында гана жанданган.
Кулматов курулуш иштери боюнча канааттанарын билдирип, бирок жумушту тездетүү керектигин белгиледи. Ал жаңы мектеп 1-сентябрга карата берилүүсү керектигин айтты.
Ошондой эле Бишкек мэриясынын башчылары Гроздь айылындагы көрүстөндүн абалы менен таанышып чыгышты. Учурда аталган жайга кирүү жолдору салынууда. Буга жергиликтүү бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Анын жалпы аянты 44 гектарды түзөт.



1 |