Москвада алданган 40ка чукул жаштардын иши Ошто каралат



Москвада "окууга киргизип, ишке орноштурам" дегендерге алданган 40тай кыргыз жаранынын ишин ИИМдин Оштогу өкүлчүлүгү карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Алданган абитуриенттер боюнча чогултулган документтер Ош облусуна жөнөтүлгөнүн белгилеп: "Окуя Ош облусунда болгондуктан, иликтөө иштери ошол жакта жүрөт. Ким канча акчаны кимге бергени азыркы тапта текшерилип жатат. Тергөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымат беребиз",- деп билдирди.
Эске салсак, "Орусиядагы Евразия университетине окууга өткөрүп, жатаканага жайгаштырып, андан тышкары жумуш таап беребиз" деген убадага ишенген 17-18 жаштагы 40ка жакын жаштардын барар жери жок калганын жазган элек.
Москвада 40тай кыргыз жараны алданып, барар жери жок калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Aylin.91kg

13.07.2015. 12:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин акамдин баласы 3-4 кун болду Россияга окууга тапшырдым дейт, кантип десем 3000 сомдон бердик да тестке кирдик дейт жыйынтыгы чыгыпикалды окшойт, булар да ушинтип алданып калбаса болду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.