super.kg logo
  Саясат  

Индиянын премьер-министри кыргыз өлкөсү-Индия түз аба каттамын ачуу сунушун колдоду

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-июлда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Жээнбеков кыргыз тараптын кызматташууну алдыга жылдыруу жана тажрыйба бөлүшүү үчүн парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. “Кыргыз мамлекетинде парламенттик демократияны өнүктүрүүнүн эл аралык тажрыйбасы дыкат иликтенип жатат. Бул өңүттөн алганда Индия 1949-жылдан тарта парламенттик демократияны куруп, ийгиликтүү өнүктүрүүдө. Бизде бул жол 2010-жылы башталды. Эксперттердин пикиринде, биз тандалып алынган жолдо ишенимдүү бара жатабыз”,- дейт спикер.

Тараптар быйылкы жылдын күз айларында парламенттик шайлоону өткөрүү, парламенттик демократияны бекемдөө, мамлекеттик маселелерди чечүүдө саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери боюнча пикир алышты.

Нарендра Моди Жогорку Кеңештин төрагасынын түз аба, темир жол, автомобиль жолдорун куруу менен эки өлкө ортосундагы транспорттук ички түзүмдү өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндөгү көз карашын колдоого алды. “Мындай чаралар кыргыз өлкөсү менен Индиянын экономикалык байланыштарын жандандырууга алып келет. Аймактагы республикалардын ичинде Кыргыз Республикасы артыкчылыктуу өлкө болуп саналат”,- деген Индия премьер-министри эки өлкө ортосунда бекем маданий байланыш бар экенин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: