Аксыда "сибирь жарасы жуккан" деп күмөндөлгөн бейтаптардан сибирь жарасы оорусуна анализ алынып, аныктоого жиберилди
Аксы районундагы "сибирь жарасы жуккан" деп күмөндөлгөн 8 бейтаптан сибирь жарасы оорусуна анализ алынып, Жалал-Абад облустук жана Бишкек шаарындагы Республикалык ветеринардык лабораторияга тастыктоого жөнөтүлдү. Ошондой эле жылкынын жана уйдун этинен да үлгүлөр алынып, лабораторияга жиберилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 13-июлда билдирди.
Айта кетсек, 8-июлда райондогу Ак-Суу айыл аймагынан 8 адам (Жаңы-Талап айылынан 5 адам, Коргон-Төбө айылынан 1 адам, Ак-Төбө айылынан 1 адам жана Ак-Сай айылынан 1 адам) сибирь жарасы оорусуна күмөндөлүп райондук ооруканага жаткырылган. Бейтаптар Д.Айталиев жана Н.Төрөбаев аттуу жарандардын ылаңдаган 1 баш жылкы жана 1 баш уюн союп, элге тараткан эттен жеп алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.