super.kg logo

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган китеп жарык көрдү

 
Адабиятчы, окумуштуу Абдылдажан Акматалиевдин “Көңүлдөгү өмүр” деген ыр жыйнагы басылып чыкты. Бул тууралуу 10-июлда Улуттук илимдер академиясынын расмий сайты жарыялады.
Жыйнакта улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган 50дөн ашуун ырлары жана поэмалары кеңири орун алган. 
"Автор Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөдөн кайткандан кийинки коомдогу саясий, адеп-ахлактык маселелерге көңүл буруп, жазуучу менен окурмандын ортосундагы көз карашты жалпылап, жан дүйнөлөрүн ачып, айлана-чөйрөдө болуп жаткан терс окуяларга тынчсызданат. 
Ошону менен бирге китепке философиялык жана лирикалык маанидеги ырлар киргизилген. Ырларында автор адамдын көңүлүнүн назиктигин, жумшактыгын, тазалыгын жогору коюп, аны бир келүүчү жашоодогу өмүрдө кирдетпөөгө окурманды чакырат",- деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: