super.kg logo

"Ошто жасалма билет сатты" делген агенттиктин башчысы бул иште күнөөсү жок экенин айтты

 
1-июнда Ош шаарындагы авиакассалардын биринде жасалма билеттер сатылып, 30дай адам Москвага уча албай аэропортто калган эле. Бул тууралуу маалыматты Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына "ЭЛДИК КАБАРдын" үчүнчү смартфонун утуп алган Орусияда иштеген Алина аттуу мекендешибиз жиберген. Ал билеттер "Авиасервис" деген авиаагенттикке тиешелүү экени билдирген. 
"Ошто жасалма билет сатты" делген агенттиктин башчысы Эсенгелди Баданов бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына байланышка чыгып, бул иште күнөөсү жок экенин айтты. 

"Бул тууралуу сиздердин порталыңыздарга чыккан кабарда "Авиасервис" агенттиги деп турат, бирок биз эч кандай жасалма билет чыгарган эмеспиз. Биздин атыбызды жамынып ошол жасалма билеттерди саткан авиакасса биздин кеңсебиздин жанында жайгашкан. Авиакассаны иштеткендер бизге келип, келишим түзүп иштешүүнү сунуштаганда баш тартып койгонбуз, мүмкүн, көрө албастык кылып, ошондон улам биздин атыбызды жамынышкан чыгар. Биз минтип жасалма билет сатууга барбайбыз, анткени кардарларыбызды жоготуп алабыз. Азыр көпчүлүк эле авиакассалар келишим түзбөй иштеп, авиаагенттиктердин атын жамынып, жасалма билеттерди сатып жиберишет. Ошондуктан бул жаңылыштык. Эгерде жасалма делип сатылган билеттер бизге тиешелүү болсо, милиция кызматкерлери бизди келип текшеришмек же кардарлар нааразы болуп келишмек, эч ким келген жок",- деди Баданов. 
Ал эми жасалма билет саткан авиакассанын Клара аттуу өкүлү менен байланышканыбызда билет кайсы авиаагенттик тарабынан берилгенин айтуудан баш тартты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.07.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тобоо адам тагдыры менен ойногон кандай булар,жазалаш керек. Эмнеге айтуудан баш тартат.
13.07.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аферисттер жазасын алуу керек!
14.07.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз бири бирин алдайтда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: