super.kg logo

Алайдагы Сопу-Коргон, Аравандагы Төө-Моюн айылдарын таза суу менен камсыз кылуу жакынкы күндөрдө ишке ашырылчу долбоорго кирген эмес

 
SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу байланышкан окурмандар Ош облусуна караштуу Алай районунун Сопу-Коргон айылында жана Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылында ичүүчү суу чыгаруучу жабдуулар бузулган бойдон турганын, айылдын жашоочулары сууну алыстан ташып келип жатышканын билдиришкен эле.
Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо жана агындыларды өркүндөтүү департаментинин Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Сопубек Каракожоев аталган айылдар жакынкы күндөрдө ишке ашырылчу долбоорлорго киргизилбегенин билдирди.
"Азыркы тапта Алай районундагы Гүлчө, Согонду, Кызыл-Булак айылдары гана таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорго киргизилген. Сопу-Коргон айылын да, Араван районундагы бир катар айылдарды да таза суу менен камсыздоо зарыл, бирок кийинки долбоорлордо ишке ашырылат",- деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы жылга Сопу-Коргон айыл башчынын кайдыгер мамилесинен долборго кирбей калган. Эгер айыл окмот тийиштуу документти топтоп бергенде бул маселе чечилмек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: