super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков менен "Ага-хан" өнүктүрүү түйүнүнүн кыргыз жериндеги өкүлү өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишин талкуулады

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 13-июлда "Ага-хан" өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту.

Жолугушууда Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн гуманитардык жана прикладдык илимдер мектеби менен өнүктүрүү жогорку мектебинин кампустарынын курулушунун жүрүшү талкууланды. Уюмдун өкүлү төрагага аталган окуу жайдын кампусунун курулушу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, объекттин курулушу өз мөөнөтүндө бүткөрүлмөкчү. “Биз 2016-жылдын сентябрынан тартып абитуриенттерди кабыл алууну пландаштырып жатабыз”,- деп билдирди өкүл.

“Аталган долбоорду ишке ашыруу мамлекеттин билим берүү жаатындагы потенциалын күчтөндүрөт жана өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен чогуу жалпы Нарын облусунун ички түзүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөкчү болот”,- деди Жээнбеков.

Мындан сырткары жолугушууда Кыргыз Республикасында жарандык коомду өнүктүрүү жана өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу пикир алышуу болгонун ЖКнын маалымат кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: