Украинанын Түркиядагы консулу Путиндин сүрөтү бар футболка кийгени үчүн иштен айдалды
Левент Айдын сүрөттө оң жактан биринчиси
Украинанын Түркиядагы ардактуу консулу Левент Айдын коомдук иш-чаралардын бирине Орусия президенти Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип барганы үчүн иштен айдалды. Бул тууралуу 13-июлда Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин жарыялап: "Левент Айдын көптөгөн украиналыктарга жардам берди, бирок бул принциптин маселеси. Мен анын Украинанын ардактуу консулу кызматындагы ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алдым",- деп билдирди.
Эскерте кетсек, 7-июлда Левент Айдын түркиялык футбол клубдарынын бири менен үч жылдык келишим түзгөн Камерундун футболчусу Самюэль Это`онун презентациясына катышкан. Анда консул көкүрөгүндө Путиндин сүрөтү жана "Сылыктык - биздин артыкчылык" деген жазуусу бар футболка кийип жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















