Токтогул районундагы Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын ичиндегилердин бири табыла элек
Токтогул районундагы Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын ичиндегилердин бири табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-июль күнү саат 20:02 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 266-чакырымында Нива үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон. Алардын бири 2000-жылы туулган Мунара Бекибаеванын жансыз денеси кырсык болгон жерден 100 метр төмөн тараптан табылган. Ал эми экинчи адамды издөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.