Активист: “Конуштарда бир жерге экиден Кызыл китептин берилиши чоң чатактарга алып келүүдө”



Конуштарда бир жерге экиден Кызыл китептин берилип жатышы
чоң чатактарга алып келүүдө. Мындай пикирин бүгүн, 14-июлда маалымат жыйынынын
жүрүшүндө “Бишкек” коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Матаев билдирди. Анын
айтымында, Кызыл китептердин ар кандай берилип жатканына байланыштуу эл
бири-бири менен соттошуп, бычакташканга чейин барууда.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
бири-бири менен соттошуп, бычакташканга чейин барууда.
“Бүгүнкү күнгө чейин жерге болгон Кызыл китептер чаржайыт берилүүдө. Заңгыратып үй салып койсоң, экинчи күнү бирөө келип “бул менин жерим, кет бул жерден” деп чыгат. Бул жерде Мамлекеттик каттоо кызматы же шалаакылык кылып жатат, же коррупция схемасы жүрүүдө. Учурда жактоочу жалдаш үчүн 300 доллар керек экен. Карапайым элде мындай акча кайдан, жыйынтыгында колунда барлар соттон жеңип чыгып жатышат”,- деди Матаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Порталдын эрежелерине туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.