super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү жана илим министрлиги: "Кадамжайда өтө оор абалдагы эки мектеп бар"

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү 2222 мектептин жана 806 бала бакчанын абалын текшерген. Бардык мекемелер коопсуздугу боюнча төмөн, орто жана жогору деп бааланып, быйылкы жылы капиталдык оңдоп-түзөө иштерин максималдуу түрдө күчөтүү боюнча чечим кабыл алынган. Бул тууралуу 13-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Республика боюнча авариялык абалдагы мектептердин саны 200дү түзөрү айтылды. 

"Кадамжай районунда азыркы убакта жаңы курууну талап кылган 2 мектеп жана толук реконструкцияны талап кылган 4 мектеп бар. Премьер-министр Темир Сариев жакында жумушчу топтун жыйынында авариялык абалдагы мектептердин тизмегин жергиликтүү бийлик органдары менен бирге салыштырып текшерүү ишин Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигине тапшырган. Жакында жаңы куруу жана оңдоп-түзөөнү талап кылган авариялык абалдагы мектептердин акыркы толукталган тизмеги күтүлүүдө",- деп билдирет министрлик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: