Ош-Стамбул аба каттамы аркылуу Сирияга кетип жаткандар кармалышты
8-июлдан 9-июлга караган түнү Ош-Стамбул аба каттамы аркылуу Сирияга кетип жаткандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандар Араван районунун 1955-жылы туулган Р.М., 1986-жылы туулган П.К. аттуу тургундары болушкан. Ошондой эле алардын жанында 16 жаштагы кыз да болгон. Аларды 1961-жылы туулган аял Сириядагы согушка катышууга үгүттөп, материалдык жактан жардам көрсөтүп, билеттерин сатып берген. Учурда ал аял да кармалып, анын жашаган жерин текшерүү учурунда 1990-жылы жана 1977-жылы туулган адамдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

сексуальный джихат максаты менен кетип жатат окшойт. Угуттогонду коопко камап салып, башкасына тушундуруу иштерин жургузуш керек.
Тергөө иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн көпчүлүк учурда кыскартылып берилет.